Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн Бишкекке келген Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары Гисмат Гозалов башында турган Эл аралык байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн Бишкекке келген Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары Гисмат Гозалов башында турган Эл аралык байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Мадмаров Түрк мамлекеттер уюмуна Кыргызстандагы шайлоолорго мониторинг жүргүзүүгө салттуу түрдө жигердүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Өлкөбүздөгү конституциялык реформаларга жана Кыргызстандын демократиялык өнүгүшүнө Түрк мамлекеттер уюму көрсөткөн колдоону жогору баалады.

Эл аралык байкоочуларга алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин шайлоону ачык-айкын, таза жана ишенимдүү камсыз кылуу боюнча иш-чаралары, чет өлкөлөрдө түзүлгөн 59 шайлоо участкалары, Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде кыргыз жарандарынын добуш берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эпидемиологиялык чараларды сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берилди. Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын шайлоочулардын саны 84 миңден ашкандыгы белгиленди.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары дүйнөнүн 20 эл аралык уюмунун атынан (ЕККУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТМҮ, ТҮРКПА, ЕБ жана башкалар) 58 өлкөдөн 736 эл аралык байкоочу, ошондой эле шайлоо процессин чагылдыруу үчүн чет элдик маалымат каражаттарынын 50 өкүлү аккредиттелгенин белгиледи.

Миссиянын башчысы Г.Гозалов өз кезегинде Эл аралык байкоочулар миссиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер менен өткөрүлгөн бир катар жолугушуулары тууралуу маалымат берип, талапкерлердин арасында жаштардын көптүгүнө канааттануусун билдирди.

Миссиянын мүчөлөрү чет өлкөлөрдө жашаган же иш алып барган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баа беришти.

Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү, уюмдун активдүү мүчө мамлекети экенин жана түрк интеграциясынын өнүгүшүнө татыктуу салым кошуп жатканын белгиледи.

Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык байкоочулар миссиясы алдыдагы шайлоо Кыргызстандын демократиялык өлкө катары мындан аркы өнүгүшүнө чоң салым кошуп, ар тараптуу прогресске өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK