Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун ШКУнун регионалдык террорго каршы түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Руслан Мирзаев менен жолугушту

2022-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык террорго каршы түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору (ШКУ РТТ АК) Руслан Мирзаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле ШКУ РТТ АК линиясы боюнча мындан аркы кызматташуу пландары талкууланды.

Р.Мирзаев ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тапшырмаларын аткаруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, 2022-жылга ШКУ РТТ Аткаруу комитетинин алдыдагы пландары жана иштери жөнүндө кыскача маалымат берди.

А.Мадмаров ШКУ алкагындагы Кыргыз Республикасынын өз ара аракеттенүүсү өлкөнүн тышкы саясатында маанилүү орунду ээлеп тургандыгын белгиледи, КР ТИМдин ШКУ РТТ Аткаруу комитетине зарыл көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK