Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бельгия Королдугунун Тышкы иштер, соода жана кызматташтык боюнча федералдык мамлекеттик кызматынын ортосундагы саясий консультациялар болуп өттү

2021-жылдын 7-сентябрында Брюссель шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бельгия Королдугунун Тышкы иштер, соода жана кызматташтык боюнча федералдык мамлекеттик кызматынын ортосундагы саясий консультациялар болуп өттү.

Кыргыз делегациясын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев, ал эми Бельгиянын Федералдык кызматынын делегациясын Министрдин орун басарынын деӊгээлиндеги Эки тараптуу иштер боюнча башкы директору Джерун Куреман жетектеди.
 
Консультациялардын жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну, Кыргыз Республикасы менен Бельгия Королдугунун ортосундагы мекемелер аралык диалогду бекемдөө жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
 
Сүйлөшүүдө соода тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга өзгөчө көңүл бурулду.   
 
Тараптар ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерди, анын ичинде 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган ЕБ-БA Биринчи экономикалык форумун, Бельгияга Кыргыз Республикасынын жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү маселесин, Бельгиянын жогорку окуу жайларында Кыргыз Республикасынан келген студенттер үчүн квота бөлүштүрүү жана Ооганстандагы абал тууралуу талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK