Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде кезектеги кыргыз-италия ТИМдер аралык консультациялар болуп өттү

2024-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде кезектеги кыргыз-италия ТИМдер аралык консультациялар болуп өткөн. Кыргыз тарапты Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, ал эми италиялык тарапты Тышкы иштер министринин орун басары, Италия парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Эдмондо Чириелли жетектеген.

Саясий консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланган, атап айтканда, жогорку деңгээлде сапарларды уюштуруу жолу менен саясий диалогду кеңейтүү, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУ жана ЕБ алкагында кызматташууну өнүктүрүү.

Кыргызстандын энергетика, туризм жана жеңил өнөр жай тармагындагы экономикалык жана инвестициялык потенциалына өзгөчө көңүл бурулган. Ошондой эле Борбордук Азия аймагында Чыгыш менен Батышты байланыштырган перспективдүү транспорттук-логистикалык маршруттардын маселелери каралган.

Мындан сырткары, тараптар аймактык кызматташтыкты, консулдук чөйрөнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерин талкуулашкан.

Күн тартибинин жыйынтыктоочу пункту катары эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK