Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин эл аралык бөлүмдөрүнүн жана кадр бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн кезектеги «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү

2021-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин эл аралык бөлүмдөрүнүн жана кадр бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн кезектеги «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторун берүү, алмаштыруу, берүү жана кайра каттоонун тартиби түшүндүрүлдү. Атайын үлгүдөгү паспортторду туура эмес пайдалангандыгы жана өз убагында кайтарып бербегендиги үчүн жоопкерчилик чаралары, анын ичинде 2021-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин эске алуу менен маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин иш сапарлары жана чет мамлекеттердин визаларын алуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү мамлекеттик органдардын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келген чет элдик жарандарга Кыргызстанга виза берүүнүн тартиби тууралуу маалымат берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK