Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министр Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Коллегиянын кезектеги жыйыны өттү

2024-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министр Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Коллегиянын кезектеги жыйыны болуп өттү, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга иш-аракеттер планынын аткарылышынын жүрүшү жана Тышкы иштер министрлигинин координациялоочу ролу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары каралды.

Министрликтин Коллегия мүчөлөрү ведомство линиясы боюнча Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер Планын аткаруусуна байланыштуу эң маанилүү маселелерди талкуулашты. Иш-аракеттер Планында коюлган максаттарга жетүү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча КР министрликтери жана ведомстволору менен биргелешкен ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Коллегия ошондой эле КР Президентинин ТИМдин координациялоочу ролу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун аралык жыйынтыктарын карап чыгып, мамлекеттик органдардын эл аралык иштерде натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууда жана координациялоодо болгон маселелерди талкуулады.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча КР ТИМнин Коллегиясынын Төрагасы, Тышкы иштер Министри Ж.М.Кулубаев тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK