Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдын 8-апрелиндеги анонсу

2019-жылдын 8-9-апрелинде Словакия Республикасынын Тышкы жана европа иштеринин министри, ЕККУнун азыркы төрагасы Мирослав Лайчактын Кыргыз Республикасына расмий иш сапары болот. Иш сапардын алкагында М.Лайчактын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков менен жолугушуусу, ошондой прессага биргелешип баруусу пландаштырылган.

Аталган иш-чараны  чагылдырууну каалаган ЖМКлардын өкүлдөрүн (протоколдук тартуу гана!) КР ТИМинин Маалымат департаментинде 2019-жылдын 8-апрели, саат 18-30га чейин аккредиттөөнү өтүнөбүз (Аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, ЖМКнын аталышы, байланыш телефондору) (тел: 62-65-59 эл.дарек press@mfa.gov.kg).

2019-жылдын 9-апрели, саат 12:45 – жолугушууну протоколдук  сүрөткө тартуу, саат 14:30 – прессага баруу, акредиттелген ЖМКлардын чогулуу орду «Орион» мейманканасы, Эркиндик бульвары 21  

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK