Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 31-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

Кытайдын аймагында орун алган жол кырсыгында КЭРдин университеттеринин биринде окуган, 1999-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Б.М. каза тапкан, консулдук тактоо алкагында кырсыктын бардык жагдайын тактоо, ошондой эле кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыгуу үчүн 2021-жылдын 29-мартында Кыргызстандын Пекиндеги Элчилигинин кызматкери ыкчам тартипте Шанхайга жөнөтүлгөн.

Алынган маалыматтарга караганда, учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги тарабынан маселе көзөмөлгө алынган. Каза болгон жарандын туугандарына маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүдө, ошондой эле Элчиликтин компетенциясынын чегинде башка зарыл жардам көрсөтүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK