Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 24-июнундагы маалыматтык билдирүүсү

Израил-Ливан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Министрлик кыргыз жарандарына аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштайт.

Ошондой эле, Ливан жана Израилде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсүн белгилейт.

Ошону менен бирге Министрлик, белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинин (+96525359951), КРнын Түркия Республикасындагы Элчилигинин (+905456896800) жана КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK