Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 27-июнундагы маалыматтык билдирүүсү

Москва шаарындагы «Сахарово» чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборундагы (мындан ары - «Сахарово» борбору) абал тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны Б.Молдобаеванын маегине байланыштуу, Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин дарегине буга чейин Б.Молдобаева телефон аркылуу же жазуу каты менен анын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгы жөнүндө  кайрылган эмес.

Ошол эле учурда, 2024-жылдын 20-июнунда КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин РФдагы Өкүлчүлүгүнүн (мындан ары-Өкүлчүлүк) кызматкерлери  «Сахарово» борборунда кармалган мекендештерге барышкан. Жолугушуунун жүрүшүндө жарандарды кызыктырган бардык суроолорго жооптор берилген.

Ошондой эле, Өкүлчүлүктүн кызматкерлери «Сахарово» борборунун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоо шарттары, анын ичинде ЖМКда тараган жарандарды кордоо фактылары тууралуу маалымат талкууланган.

Өз кезегинде «Сахарово» борборунун жетекчилиги жабыркаган жарандардан тууралуу конкреттүү фактылар жана билдирүүлөр болгон учурда Россиянын мыйзамдарынын алкагында зарыл чараларды көрүүгө даярдыгы билдирилген.

Мындан тышкары, Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Б.Молдобаева менен телефон аркылуу байланышып, «Сахарово» борборунда кармоо боюнча даттанууларын такташкан, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө «Сахарово» Борбордун кызматкерлеринин ага карата иш-аракеттерине эч кандай дооматтар жаран жагынан айтылган эмес. 

Ошону менен бирге, Б.Молдобаеванын маектешүүсү ЖМКга тарагандан кийин, ал Министрликке анын жүйөлөрүн тактоо, арыз берүү жана анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүн чакырылган.

Маалымдама: ү.ж. 21-июндан 24-июнга чейин аралыкта аталган Борбордо кармалган Кыргыз Республикасынын 84 жараны Кыргызстанга жөнөтүлгөн. 2024-жылдын 24-июнуна карата Борбордо 124 мекендешибиз убактылуу кармалууда.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында «Сахарово» Борборуна үзгүлтүксүз барып тураарын белгилей кетүү керек.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK