Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 5-июнундагы маалыматтык билдирүүсү

2024-жылдын 01-июнунда Казакстан Республикасынын “Кордай авто”  мамлекеттик чек арасын өтүп жатканда Кыргыз Республикасынын жараны 1994-жылдын 4-октябрында туулган Г.А. кармалганы боюнча маалымат келип түшкөн. А.Г. кылмыш жасагандыгы үчүн Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн. Тандалган алдын алуу чарасы “Камакка алуу”. Азыркы учурда эл аралык милдеттенмелерге ылайык, Казакстан тарап кармалган жаранды Россия тарапка экстрадициялоо маселесин карап жатат.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы чет өлкөлүк мекемелери иштин чоо-жайын тактоо жана кармалган Кыргыз Республикасынын жараны менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн алуу маселелерин иштеп чыгууда.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелерине берилген ыйгарым укуктардын алкагында бардык зарыл консулдук-укуктук жардам кармалган жаранга көрсөтүлөт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK