Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 6-июнундагы маалыматтык билдирүүсү
![](/uploads/content/29618/9aa612ef-2447-309d-a943-ab4b4adf5413.jpeg)
Министрлик, жалпыга маалымдоо каражаттарында 1-кабаттын терезесинен кулап түшкөн 4 жаштагы кыргызстандык тууралуу жарыяланган маалыматка байланыштуу, төмөндөгүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-июнунда башынан, төш көңдөйдүн жана ичтин туңгуюк жаракаттарын алган 2019-жылы туулган А.Х. Киров райондор аралык ооруканасына жаткырылган.
2024-жылдын 5-июнунда ымыркай ооруканадан чыгарылды. Бейтаптын ден-соолугу канааттандырарлык жана дарыгерге баруусу белгиленген.
Ата-энесинин маалыматына ылайык, балага керектүү медициналык жардам өз убагында көрсөтүлүп, учурда эч кандай жардамга муктаж эмес.