Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы Саясий Департаментинин директорунун орун басары Р.Аданов Индиянын экономикалык соода уюмунун президенти Асиф Икбал башында турган Индиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

Экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2021-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы Саясий департаментинин директорунун орун басары Рахман Аданов Индиянын Экономикалык Соода Уюмунун (IETO) президенти Асиф Икбал баш болгон Индиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул иш-сапар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Индиядагы элчилиги тарабынан уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Р.Аданов Кыргызстандын жетекчилиги менен Министрлер Кабинети тарабынан инвестицияларды жана бизнести коргоо боюнча көрүлүп жаткан кадамдарды айтып берди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү мыйзамдарына киргизилген бир катар өзгөртүүлөр жана инновациялар тууралуу айтты. Ошондой эле Индиянын бизнес өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча жүргүзгөн иштери тууралуу маалымат берилди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз экспортун, атап айтканда Индиянын рыногуна жеткириле турган органикалык айыл чарба продукциясы боюнча маселелер көтөрүлдү. Сүйлөшүүнүн дагы бир өзүнчө темасы Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү маселеси болду.

IETOнун президенти А.Икбал маалымдагандай, индиялык делегациянын өкүлдөрүнө төмөнкүлөр өзгөчө мааниге ээ: жездин жана органикалык айыл чарба продукцияларынын (бал, кургатылган жемиштер ж.б.) импорту, чакан мейманканалардын курулушу, алкоголдук ичимдиктердин сатылышы ж.б. Ал билим берүү тармагындагы кызматташууга болгон кызыкчылыгын да билдирди.

Бул иш-сапардын алкагында индиялык ишкерлер Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана жеке структураларынын өкүлдөрү менен да жолугушууларды өткөрүшөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK