Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Коллегиясы болуп өттү

2020-жылдын 4-мартында КР Президентинин, КР Жогорку Кеңешинин жана КР Өкмөтүнүн Аппараттарынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Коллегиясы болуп өттү. КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун төрагалыгы астында өткөн жыйындын жүрүшүндө КР тышкы иштер министрлигинин жана КР чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2020-жылга негизги тышкы саясий милдеттер менен приоритеттер каралды.
Министр КР ТИМдин отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн бир кыйла маанилүү натыйжаларын белгиледи, алардын арасында: Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын жаңы Концепциясынын бекитилиши, ШКУнун, ЖККУнун Бишкек саммиттери, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги бир катар мамлекеттик жана расмий сапарлар, Кыргызстандын тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына – Уюмдун жетектөөчү органына шайланышы, бир катар өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелердин түзүлүшү, ошондой эле мамлекет Башчысынын бир катар расмий жана жумушчу сапарлары.
Ч.Айдарбеков экономикалык жана экологиялык дипломатия, жашыл экономика, КРнын региондорун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, БА регионунда интеграциялык процесстерди кеңейтүү, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө, актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча КР Президенти С.Жээнбеков тарабынан коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча КРнын тышкы саясатынын негизги багыттарын бөлүп көрсөттү. Ушул жылга пландалган иш-чаралардын маселелери кеңири каралды.
Коллегияда КР ТИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана КР чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнө баа берилди.
КР ТИМдин Коллегиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча тийешелүү чечимдер кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK