Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын жарандарын Афганистандын аймагынан эвакуациялоо боюнча аткарып жаткан жумушу тууралуу

Афганистан Ислам Республикасында түзүлүп жаткан аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги учурда Афганистанда убактылуу турган Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо иштерин улантууда.

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин көмөгү астында, 2021-жылдын 23-августунда саат 04:40та «Доха-Дубаи-Бишкек» аба каттамы боюнча мурда америкалык тарап уюштурган атайын учак менен Афганистандан Катарга эвакуацияланган Кыргыз Республикасынын 11 жараны алынып келинди. Элчилик жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, жумуш берүүчүлөр көрсөтүлгөн каттам боюнча авиабилеттерди сатып алышкан.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Афганистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин жардамы менен 2021-жылдын 22-августунда Кабулдан Алматы шаарына атайын рейс менен дагы бир Кыргыз Республикасынын жараны эвакуацияланган.

Афганистандын аймагында калган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө коопсуздукта жана жакынкы аралыкта Мекенине эвакуацияланышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK