Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Швецияга "С" категориясындагы кыска мөөнөттүү Шенген визасын алуу үчүн документтерди кабыл алуунун башталышы жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы Венгриянын Элчилигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-июлунан баштап Кыргыз Республикасындагы Венгриянын Элчилигинин Консулдук бөлүмү Швецияга "С" категориясындагы кыска мөөнөттүү Шенген визасын алуу үчүн документтерди кабыл ала баштайт.

Визалык документтер, Бишкектеги VFS Global визалык борбору аркылуу пландалган сапарга чейин кеминде 15 күн жана эң көп дегенде 6 ай мурун берилиши абзел экендигин маалымдайт.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеден өтүү керек: https://bishkek.mfa.gov.hu/rus Министрлик, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK