Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бишкекке келген КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - аткаруучу катчысы Леонид Анфимов менен жолугушту

2021-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бишкекке келген КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - аткаруучу катчысы Леонид Анфимов менен жолугушту. КМШнын Аткаруу комитетинин делегациясы 2021-жылдын 12-ноябрында Бишкекте өтө турган КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумун даярдоо жана өткөрүү маселелерин чечүү максатында келди.

Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасы КМШнын алкагында бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара пайдалуу жана эффективдүү кызматташууга кызыкдар экендигин ырастады. Ошондой эле КМШнын байкоочулар миссиясын 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн чакырды.

Өз кезегинде КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - жооптуу катчысы Л.Анфимов КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын алдыдагы жолугушуусун жогорку деңгээлде уюштурулганын канааттануу менен белгиледи.

Тараптар КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы отуруму КМШ мамлекеттеринин конструктивдүү өз ара аракеттенүүсүн мындан ары дагы бекемдейт деген ишенимин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK