Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Борбордук Азия мамлекеттеринин элчилери менен брифинг өткөрдү

2021-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Борбордук Азия мамлекеттеринин элчилери менен брифинг өткөрдү. Жолугушууга Казакстандын Кыргызстандагы Элчиси Р.Жошыбаев, Тажикстандын Кыргызстандагы Элчиси Н.Ализода, Түркмөнстандын Кыргызстандагы Элчиси Ш.Мередов жана Өзбекстандын  Кыргызстандагы Элчиси X.Мирзахидов катышышты.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларына 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумуна даярдыктын жүрүшү, ошондой эле анын алкагында уюштурулган иш-чаралар тууралуу кыскача маалымат берди.

Жолугушуунун катышуучулары бир добуштан алдыда боло турган форум эки региондун – Европа менен Борбордук Азиянын – ортосундагы кызматташтыктын бардык багыттары боюнча пикир алмашуу үчүн олуттуу аянтча болуп, Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот деген пикирде болушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK