Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Латвия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси болуп дайындалган Ирина Мангулени Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырууга байланыштуу кабыл алды

2021-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Латвия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси болуп дайындалган Ирина Мангулени Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырууга байланыштуу кабыл алды.

Н.Ниязалиев И.Мангулени Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоо максатында биргелешкен жигердүү иш жүргүзүүгө ишенимин билдирди. 2021-жылдын 5-ноябрында өтүүчү “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Биринчи экономикалык форумунун иш-чараларына жемиштүү катышуусун каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультацияларды уюштуруу аркылуу эки тараптуу саясий кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, COVID-19га каршы эмдөө сертификаттарын өз ара таануу, билим берүү жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде аба каттамдарын ачуу маселеси боюнча өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Ачык жана конструктивдүү баарлашууда алар көп тараптуу платформалардагы кызматташуу, анын ичинде шайлоолорду колдоо боюнча да пикир алышты. Министрдин биринчи орун басары Н.Ниязалиев кыргыз тараптын климаттын өзгөрүшүнүн терс таасиринен морт тоо экосистемаларын коргоого, ошондой эле тоо мөңгүлөрүн коргоого жана сактоого багытталган демилгелери тууралуу маалымат берип, Латвия тарапты тиешелүү резолюцияларды колдоого чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK