Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-жылдыгына арналган турнир өткөрдү
2023-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Украинанын бейсбол федерациясынын жана Киев шаарынын Дарница райондук администрациясынын жардамы менен балдар арасында бейсбол боюнча “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Кубогу” аттуу ачык турнир уюштурду.
Иш чарага Киевде аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, борбордун активисттери, ошондой эле турнирдин жаш катышуучуларынын ата-энелери чакырылган. Ардактуу конок катары Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Г.Чижиков болду.
Ачылыш аземинде Элчи И.Кадыркулов өлкө жетекчилиги тарабынан чет өлкөдөгү жарандарды колдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана жаштар арасында спортту жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи.
Турнирдеги жеңишти «Дарница-1» спорт командасы жеңип, жеңүүчүнүн атайын кубогу менен сыйланышты. Элчилик ошондой эле башка катышуучуларды кубок, медалдар жана жеке номинациялар боюнча эстелик белектер менен сыйлады.
Спорттук иш-чара бардык коопсуздук талаптар менен уюштурулду.