Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Mирлан Арстанбаев Япония Почтасынын эл аралык иши боюнча улук вице-президенти Масахико Мэтоки менен жолукту

2021-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Mирлан Арстанбаев Япония Почтасынын эл аралык иштер боюнча улук вице-президенти Масахико Мэтоки менен жолукту.

Жолугушууда эки тарап кыргыз-япон мамилелеринин учурдагы абалы, почта кызматы жаатындагы кызматташуунун перспективалары, ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча пландар талкууланды.

М.Мэтоки мындан ары почта кызматы, анын ичинде акча которуу жана табият кырсыгын башкаруу багытында тыгыз иш жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле М. Мэтоки өзүн талапкерлигин Дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросунун Башкы директору кызматына көрсөтүлгөнүн маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK