Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев «Japan Star Enterprises» компаниясынын директору Кей Канаи мырза менен жолугушуусу болуп өттү

2020-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаевдин «Japan Star Enterprises» компаниясынын директору Кей Канаи мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуугун жүрүшүндө тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.  Тактап айтканда, «Japan Star Enterprises» компаниясынын өкүлдөрү заманбап тазалоочу курулмаларды ишке киргизүү чөйрөсүндө алдыңкы технологияларга ээ  болгон компаниянын иши  жөнүндө кеңири маалымат беришти. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тереңирээк изилдөө максатында компания    Кыргыз Республикасына иш-сапары менен келүү ниетин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK