Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев Япониянын Тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Таро Хонда мырза менен жолугушту

2022-жылдын 12-мартында «Оотомэ аңгемелер көргөзмөсүнө» бирге катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаевдин Япониянын Тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Таро Хонда мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушунун жүрүшүндө кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышуу болуп, кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча пландар белгиленди.

«Оотомэ аңгемелер көргөзмөсү» Япония менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулуп, Япониянын манга сүрөтчүсү Каору Мори айымдын чыгармачылыгына арналган. Ал «Жаш келиндин окуясы», «Эмма» жана «Ширли» деген манга сериясынын жазуучусу катары белгилүү. Көргөзмөдө ошондой эле Каору Мори айымдын Борбордук Азиянын каада-салттары тууралуу оригиналдуу сүрөттөрү көрсөтүлүп, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн салттуу жана маданий буюмдары коюлган.

Иш-чара 2022-жылдын 21-мартына чейин уланат.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 12-13-мартында көргөзмөнүн алкагында кыргыз балынын жана жергиликтүү усталардын кол өнөрчүлүгүнүн жарманкеси болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK