Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинде Көңүл айтуу Китеп ачылды

2021-жылдын 29-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарын арасында көптөгөн курмандыктар  жана  жаракат алганга байланыштуу Япониядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде Көңүл айтуу Китеби ачылды.

Ушул жылдын 2-3-майда саат 10.00 баштап кечки 17.00 чейин бардык калоочулар өз көңүлүн Көңүл айтуу Китебине калтырууга мүмкүн. Элчиликтин дареги: Токио, Минато, Мита 1-5-7. Элчилик тараптан зарыл санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук боюнча чаралар көрүлдү.

Элчиликке келүүгө мүмкүнчүлүк болбой калган учурда, онлайн Көңүл айтуу Китеп ачылган. Тилектеш сөздөрдү Элчиликтин электрондук дарегине жөнөтүүгө болот: kgembassyjp@gmail.com.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Улуттук аза күтүү күндөрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлүп, ошондой эле көңүл ачуучу иш-чаралар жокко чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында куралдуу кагылышууда курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Элчиликтин жамааты бир күндүк эмгек акыларын которуу чечимин кабыл алышты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жабыркаган тургундарын колдоо үчүн финансылык жардам топтоо уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK