Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Ташкенттеги «Жибек жолунун бермети» эл аралык кинофестивалынын алкагында Ташкенттеги Мукими атындагы Өзбек мамлекеттик музыкалык театрында өткөн Кыргыз киносунун күндөрүнүн ачылышына катышты

2021-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Ташкенттеги «Жибек жолунун бермети» эл аралык кинофестивалынын алкагында Ташкенттеги Мукими атындагы Өзбек мамлекеттик музыкалык театрында өткөн Кыргыз киносунун күндөрүнүн ачылышына катышты.

Иш-чарага Өзбекстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Айтурган Темирова, Назира Мамбетова, Керим Турапов, режиссерлор Артык Сүйүндүков, Айбек Дайырбеков, Бакыт Мукул ж.б. катышты.

Элчи И.Жунусов куттуктоо сөзүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин, анын ичинде маданий-гуманитардык чөйрөсүндө динамикалуу өнүгүшүн, ошондой эле кино жаатында эки тараптуу кызматташтыктын активдешкенин белгиледи. Өзбекстанда кыргыз киносунун күндөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Андан кийин режиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасынын көрсөтүлүшү болду.

Белгилей кетсек, кыргыз киносунун күндөрүнүн алкагында төмөнкү тасмалар көрсөтүлөт: «Шамбала» (реж. Артык Сүйүндүков), «Көл» (реж. Эмил Атагелдиев), «Эдемге карай жол» (реж. Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу), «Атанын керээзи» (реж. Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу), «Дарак ыры» (реж. Айбек Дайырбеков), «Жалаңаяк күлүк» (реж. Мирлан Абдыкалыков), «Курманжан Датка» (реж. Садык Шер- Нияз).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK