Кыргыз Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын фондулук биржаларынын жана депозитарийлеринин ортосунда видеоконференц байланыш форматындагы жолугушуу болуп өттү

2023-жылдын 30-майында Исламабад шаарында Кыргызстандын Пакистандагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын фондулук биржаларынын жана депозитарийлеринин ортосунда видеоконференц байланыш форматындагы жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.Тотуяев, «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын президенти М.Назаралиев, «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын вице-президенти А.Чодулова, «Борбордук депозитарий» ЖАКтын президенти А.Юлдашева. Ал эми пакистан тараптан Пакистандын фондулук биржасынын башкы аткаруучу директору Ф.Хан, Пакистандын Борбордук депозиттик компаниясынын башкы директору Б.У.Д.Акбар, Пакистандын Улуттук клиринг компаниясынын башкы аткаруучу директору М.Лукман жана “ISE Towers REIT Management Company Ltd.” компаниясынын төрагасы З.Л.Хан катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн каржы институттарынын ишмердүүлүгү, фондулук жана баалуу кагаздар рынокторундагы операцияларды жөнгө салуу механизмдери боюнча пикир алмашып, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча демилгелерди иш жүзүндө ишке ашыруу кадамдарын белгилешти.

Жолугушуунун катышуучулары аталган жаатта өз ара аракеттенүү экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ачкычы экенин белгилешти. Тараптар биргелешкен демилгелерди илгерилетүү максатында өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Жолугушуунун соңунда, Элчи У.Тотуяев пакистандык компаниялардын өкүлдөрүн кызматташуунун келечегин кеңири талкуулоо максатында Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK