Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекеттердин визаларын алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтык билдирүү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин визаларын алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында төмөнкүлөрдү билдирет.

Ушул жылдын апрель айынан баштап. Кыргыз Республикасынын жарандары Таиландга кирүү визаларын онлайн режиминде ала алышат. Толук маалымат алуу үчүн көрсөтүлгөн шилтеме менен отүңүз: https://www.thaievisa.go.th.

Ошондой эле Шри-Ланка Кыргыз Республикасынын жарандарына карата визаларды онлайн тариздөө системасын ("Е-виза") көрсөтүлгөн мезгилден тартып колдоно баштайт. Виза алууга кайрылууну берүү үчүн "Шри-Ланканын электрондук визасы" расмий сайтына шилтеме боюнча баруу керек: www.srilankaevisa.lk.

Ошону менен бирге, Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасын Пакистандын онлайн-визалык системасынын (POVS) бизнес визасын (BVL) тариздөөгө талапкер боло ала турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизгендигин билдиребиз:  https://visa.nadra.gov.pk/.

Мындай шарттар кыргызстандыктарга жогоруда аталган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө барбастан жеңилдетилген тартипте виза алууга мүмкүнчүлүк берет.

Министрлик, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK