Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 8-январындагы маалыматтык билдирүүсү

Казакстан Республикасында акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.  

Болгон маалыматка ылайык кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» көзөмөлдөө-өткөрмө пункттары адамдарды жана транспортту өткөрүүнү штаттык тартипте уланууда.

«Ак-Жол—автодорожный» (КР) — «Кордай—автодорожный» (Казакстан) чектөөлөр менен:

- Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагына кирүүсү убактылуу чектелген;

- Казакстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандарына «Ак-Жол—автодорожный» өткөрмө пункту аркылуу Казакстандан чыгууга болот;

- Кыргызстандын аймагындагы Казакстандын жарандарына «Ак-Жол—автодорожный» өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстандан чыгууга болот.

«Ак-Тилек—автодорожный» (КР) — «Карасу—автодорожный» (Казакстан) чектөөлөр менен:

- Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагына кирүүсү убактылуу чектелген;

- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары - жүк ташуучу транспорттордун айдоочулары Казакстандын аймагына кире алышат;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары жана үчүнчү өлкөнүн жарандары - жүк ташуучу транспорттордун айдоочулары Казакстандан чыгып Кыргызстандын аймагына кире алышат;

- Казакстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандарына «Ак-Тилек—автодорожный» өткөрмө пункту аркылуу Казакстандан чыгууга болот;

- Кыргызстандын аймагындагы Казакстандын жарандарына «Ак-Тилек-автодорожный» өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстандан чыгууга болот.

Азыркы учурда Министрликтин тапшырмасы боюнча КРнын Казакстандагы Элчилиги жана Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Казакстан Республикасынын компетенттүү органдары жүргүзүп жаткан атайын операциялардын жүрүшүндө массалык тартипсиздиктерге катышкандыгы үчүн кармалгандардын арасында КРнын жарандарынын жок же бар экендигин тастыктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ошону менен бирге Министрлик Казакстандын аймагында жайгашкан мекендештерибизди өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана  эрежелерин туура сактоо менен, жашаган жеринен алыс чыкпай, ар кандай чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого дагы бир ирет чакырат.

Казакстандын аймагында, айрыкча Алматы шаарынын аймагында жүргөн  жарандарыбыз төмөнкү телефон номерелери аркылуу КРнын  Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен үзгүлтүксүз байланышта болууну сунуштайт:

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

Ошондой эле консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кеңеш алуу, кайрылуулар үчүн КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинде,  Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинде ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын эскертебиз.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 -  ыкчам байланыш номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989 895

+996 709 983 465;

КРнын Нур-Султан шаарындагы Элчилиги

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009;

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK