Кыргыз жана пакистандык бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-пакистандык соода– инвестициялык форумдун ачылыш аземи өттү

2022-жылдын 19-апрелинде Исламабад шаарындагы Марриотт мейманканасында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен, USAIDдин Экономикалык интеграция боюнча аймактык кеңсесинин, Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн, Исламабад жана Равалпинди шаарларынын Соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен, кыргыз жана пакистандык бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-пакистандык соода– инвестициялык форумдун ачылыш аземи өттү.

Бул иш-чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.А.Тотуяев куттуктоо сөзүндө, Кыргыз Республикасынын зор соода-экономикалык дарамети бар экендигин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климатка өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөрүн ошондой эле USAIDдин Экономикалык интеграция боюнча аймактык кеңсесинин башчысы – Бано Бурки, Пакистан Ислам Республикасынын Соода министринин орун басары – Саид Хамид Али, Исламабад шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Мухаммад Шакил Мунир, жана Равалпинди шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Чаудри Надим айтышты.

Форумдун жүрүшүндө кыргызстандык ишкерлер фармацевтика, текстиль, логистика, IT жана энергетика, өнөр жай, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, курулуш тармагындагы өздөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентацияларды жасашты.

Иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн бизнес жолугушуулары жана B2B сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.

Кыргыз-пакистан соода-инвестициялык форуму 23-апрелге чейин уланып, Исламабад жана Лахор шаарларында өтөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK