Кыргызcтандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Майндагы Франкфурт шаарынын Шаардык кеңешинин тɵрайымы Хилиме Арсланер айым менен жолугушту

2023-жылдын 28-апрелинде Майндагы Фракнфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Майндагы Франкфурт шаарынын Шаардык кеңешинин тɵрайымы Хилиме Арсланер айым менен жолугушту. Жолугушууга Германиядагы кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» - «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун Тɵрайымы Асель Сайраан-Дамир катышты.

Жолугушуу учурунда Элчи Ө.Текебаев кыргыз-герман кызматташуу маселелерин жана ошондой эле, Германиядагы кыргыз диаспорасына германиялык жергиликтʏʏ бийлик тарабынан колдоо кɵрсɵтүү маселелерин талкуулады.

Шаардык кеңештин Тɵрайымы Х.Арсланер Майндагы Франкфурт шаарындагы коомдук уюмдар жана мигранттар менен бирге алып бара жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди жана кыргыз диаспорасынын ɵкүлдɵрү менен да кызматташууга даярдыгын билдирди.

Маалымат катары: Хилиме Арсланер айым 2021-жылдын апрелинен бери Майндагы Франкфурт шаардык кеңешинин (парламентинин) Тɵрайымы, шаардык парламенттин башкаруучу «Жашылдар» партиясынын мүчөсү. Ал Түркияда төрөлүп, 45 жылдан бери Германияда жашайт. Германиядагы мигрант үй-бүлөдөн чыгып, Майндагы Франкфурт шаардык парламентинин спикерлигине чейинки кызматты ээлеп, чоң ийгиликтерге жетишкен.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK