Кыргызcтандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Финляндиянын Элчиси Сойли Макелайнен-Буханист менен жолугушту
2023-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Финляндия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сойли Мякелайнен-Буханист менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө дипломаттар кыргыз-финлянд эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун, анын ичинде жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуулар болду.