Кыргызстан менен Бангладештин тышкы иштер министрликтеринин башчылары дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата куттуктоо-каттары менен алмашышты

2022-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын жана Бангладеш Эл Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Руслан Казакбаев менен Абдул Момен эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашышты.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Сизди Кыргыз Республикасы менен Бангладеш Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы жана келе жаткан Бангладеш Эл Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктоого уруксат этиңиз.

Кыргыз Республикасы менен Бангладештин өз ара пайдалуу кызматташуусу үчүн чоң келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Тилекке каршы, биздин ѳлкѳлѳрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелер мындан 30 жыл мурун түзүлгөндүгүнө карабастан, учурда кыргыз-бангладеш мамилелеринин дарамети толук ишке ашырыла элек.

Ушундан улам өз ара пайдалуу соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана текстиль менен тигүү ѳнѳр жайында биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты ѳнүктүрүү маселелерин карап кѳрүүнү сунуштайм. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Бангладеш Эл Республикасы БУУ, ИКУнун алкагында гана эмес, башка эл аралык уюмдардын алкагында да кызматташууну улантуусу зарыл деп эсептейм.

Учурдан пайдаланып Сизге чың ден-соолук, бакты-таалай жана мамлекеттик ишиңизде албан ийгиликтерди каалайм».

Ал эми, Бангладеш Эл Республикасынын тышкы иштер министри А.Момендин куттуктоосунда төмөнкү маалымдалат:

«Сизди Бангладеш Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу байланыштарыбызды мындан ары да чыңдоого умтулуубузду дагы бир жолу ырастайм. Биздин  өлкөлөрүбүздүн ортосундагы түзүлгөн кызматташтык жакынкы келечекте элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да ѳнүгѳ берет деп терең ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизди эки тарап үчүн ыңгайлуу убакта Бангладешке келип кетүүгѳ чакырам.

Сизге чың ден соолук, узун өмүр жана бакты-таалай, ал эми Кыргыз Республикасынын бир тууган элине мындан аркы тынчтыкты, ѳнүгүүнү жана гүлдөп ѳнүгүүнү каалайм.

Улуу Даражалуу, Сизге өзүмдүн урматымды дагы бир ирет ырастайм».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK