Кыргызстан менен Финляндиянын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кезектеги саясий консультациялар өткөрүлдү

2022-жылдын 23-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Финляндия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча кезектеги консультациялар болуп өттү.

Кыргыз тарабын Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин Директору Руслан Бекболотов, ал эми финлянд тарабын - Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу департаментинин Башкы директору Марья Лийвала жетектеди.

Сүйлөшүүлөрдүн башында тараптар 2022-жылдын
23-мартында Кыргызстан менен Финляндиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы болгонун белгилешти. Буга байланыштуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечектүү багыттары талкууланды.

Тактап айтканда, кыргыз-фин кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошумча түрткү бере турган жогорку деңгээлдеги мүмкүн болгон өз ара сапарларды уюштуруу маселелери каралды.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн, Кыргыз Республикасы менен Финляндия Республикасынын парламенттик достук топторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Соода-экономикалык кызматташуу жаатында тараптар биргелешкен бизнес-форумдарды уюштуруу, ошондой эле Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, консультациялардын жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты, өзгөчө билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Хельсинки Университетинин ортосунда кызматташууну түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумуш менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бургандыгын эске алып, Директор Руслан Бекболотов Кыргыз Республикасынын жарандарын Финляндияда ишке орноштуруу жаатында кызматташууну түзүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, Кыргызстандын Улуу Британия жана Корея Республикасы менен тиешелүү келишимдери бар экенин баса белгиледи.

Ошондой эле, Европа Биримдигинин алкагында өз ара аракеттенүү, БУУнун шайлануучу органдарына өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине көңүл бурулду.

Тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Украинадагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кийинки тышкы саясий консультацияларды 2023-жылы Хельсинки шаарында өткөрүлүшү макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK