«Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы пост-эпоха доорундагы соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» онлайн форматында бизнес-форум болуп өттү

2021-жылдын 26-ноябрында «Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы пост-эпоха доорундагы соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» онлайн форматында бизнес-форум болуп өттү.

Бизнес-форумга Кыргыз Республикасынын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А.Исаев, Индиянын Экспорттук уюмдар федерациясынын башкы директорунун орун басары Ашиш Джейн (FIEO), Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директорунун орун басары Р.Аданов, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тышкы байланыштар жана долбоорлорду илгерилетүү департаментинин директору К.Беков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин агроазык-түлүк кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү башкармалыгынын бпшчысы У.Чекирбаев, Кыргызстандын ѳнѳр жай ишканаларынын жана ишмерлеринин союзунун эл аралык байланыштар бѳлүмүнүн директорунун орун басары З.Арсма, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин Инвестицияларды колдоо бөлүмүнүн адиси жана 100 ашык Индиянын ишканаларынын ѳкүлдѳрү катышышты.

Элчи А.Исаев өз сөзүндө FIEOнун ишкердик мамилелерди чыңдоо боюнча ишинде абдан кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, мындан ары кызматташууга чакырды. Ал Кыргыз Республикасынын биргелешкен ишканаларды түзүү жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү жана алардын ЕБ, ЕАЭБ жана ДСУ рыноктору менен иштөө перспективалары тууралуу кыскача маалымат берди. Ал биздин өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук байланышты, анын ичинде Чабахар, Бендер-Аббас порттору жана Түндүк-Түштүк жолу аркылуу чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

FIEO 1965-жылы Индиянын Соода министрлиги тарабынан өлкөнүн экспортун илгерилетүү боюнча бардык кызыкдар тараптардын аракеттерин бириктирүү максатында түзүлгөн. Индиядагы 35 миңден ашык ар түрдүү соода жана ѳнѳр жай уюмдары Уюмдун мучѳсү болуп саналат. Индиянын ар кайсы шаарларында 17 кеңсеси бар. FIEO түз жана кыйыр түрдө Индиянын бардык тармактарынан жана кызматтарынан 200 000ден ашык экспорттоочунун кызыкчылыктарына кызмат кылат.

Кыргыз Республикасынын министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү инвестициялык климат, экспорттук мүмкүнчүлүктөр, айыл чарба, энергетика, туризм боюнча баяндама жана презентация жасашты. Катышуучулар химиялык өнөр жай, айыл чарба продукциясын экспорттоо/импорттоо, кызмат көрсөтүү сектору ж.б. тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгышты. Суроо-жооптордон кийин эки тарапты кызыктырган негизги багыттар аныкталып, мындан ары байланыштарды сактоого макулдашуулар түзүлдү. Форумдун жыйынтыгын консолидациялоо үчүн фармацевтика, текстиль, туризм, айыл чарба, энергетика жана башка тармактарда кызматташууну бекемдѳѳ максатында 2022-жылдын биринчи жарымында Индиядан бизнес делегациянын Кыргыз Республикасына сапарын уюштуруу пландаштырылууда.

Форумдун катышуучуларынын саны жана индиялык бизнес-делегациянын Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштуруу боюнча жетишилген макулдашуулар Индия бизнесинин Кыргыз Республикасы менен кызматташууга реалдуу кызыгуусун айгинелеп турганын белгилей кетүү керек.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK