Кыргызстан менен Кувейттин ТИМ башчылары жолугушту

2020-жылдын 14-февралында Мюнхен коопсуздук конференциясына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кувейт Мамлекетинин тышкы иштер министри доктор Ахмад Насер Аль-Мухаммад Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль Сабах менен жолугушуу өткөрдү.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары өз ара кызыкчылыктарды билдирген региондук жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты жана ал боюнча көз караштарын билдиришти. Түз авиакаттамды, туристтердин санынын көбөйүүсүн жана  экспортту жогорулатууну, эл аралык уюмдардын шайлоо органдарына өз ара колдоо көрсөтүүнү жолго салуу боюнча биргелешкен күч аракеттерди тараптар позитивдүү баалашты. 

Кыргыз-кувейт эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө маселеге карата тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги сапарларды интенсификациялоонун маанилүүлүгүнө макулдук билдиришти жана эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтеринин багыты боюнча бир катар башкы иш-чараларды өткөрүүнүн даталарын макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK