Кыргызстандын Австриядагы Элчилиги Маутхаузен концлагеринин бошотулгандыгынын 77 жылдыгына карата расмий аза күтүү иш-чарасына катышты

2022-жылдын 15-майында Австриядагы мурдагы Маутхаузен концлагеринин аймагында анын бошотулушунун 77 жылдыгына карата расмий аза күтүү иш-чарасы болуп өттү.

Миңдеген адамдардын эскерүү жүрүшүн кыргыз тарабынан Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев жетектеди. Концлагердин борбордук эстелигине жана Австриянын аймагында курман болгон кыргызстандык жоокерлердин урматына чегерилген мемориалдык тактага элчиликтин атынан гүл чамбарлар коюлду. Аза күтүү иш-чарасынын уюштуруучулары Кыргызстандын өкүлдөрүнө немис жана кыргыз тилдеринде кайрылышты.

Расмий аза күтүү иш-чарасынын башталышында  чоң экрандан виртуалдык форматта ар кайсы өлкөлөрдө жашаган жаштар тарабынан Маутхаузендин туткундарынын анты дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде окулду. Эскерүү жүрүшү ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Маутхаузен концлагериндеги кайгылуу окуяларды чагылдырган видеороликтерди көрсөтүү менен коштолуп, бүтүндөй иш-чарага өзгөчө эмоционалдык фон тартуулады.

Расмий аза күтүү иш-чарасына мурдагы концлагердин тирүү калган туткундарынын жакындары, чет өлкөлөрдүн көптөгөн делегациялары, Австриядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери, ардагерлер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул иш-чаранын алкагында 130га жакын делегация гүл чамбарларды коюшту. Иш-чара Австриянын ORF III каналында жана Австриянын Маутхаузен комитетинин расмий баракчасында түз тартылып көрсөтүлдү.

Маалымат үчүн: Маутхаузен концлагери 1938-жылы, Австриянын фашисттик Германияга кошулуусунан кийин дароо түзүлүп, 1945-жылы 5-майда бошотулган. Расмий маалыматтар боюнча, 1938-жылдан 1945-жылга чейин Маутхаузенде 200 миң адам камакта болгон. 70тен ашык өлкөдөн 90 миңге жакын адам курман болгон, анын 32 180си советтик жоокерлер. Бүгүнкү күндө каза болгон 81 миң адамдын аты-жөнү такталган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK