Кыргызстандын Брюсселдеги Элчилигинде Кыргыз Республикасы менен Бельгия Королдугунун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Байра» мода үйүнүн улуттук кийимдеринин көргөзмөсү болуп өттү

2022-жылдын 3-мартында Кыргызстандын Брюсселдеги Элчилигинде Кыргыз Республикасы менен Бельгия Королдугунун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Байра» мода үйүнүн улуттук кийимдеринин көргөзмөсү болуп өттү.

1992-жылдын 20-январында Бельгия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган. 1992-жылдын 25-мартында өлкөлөр ортосунда расмий дипломатиялык мамилелер түзүлгөн. 30 жыл кызматташтык ичинде тараптар жогорку деңгээлде бир катар олуттуу эки тараптуу визиттерди жана консультацияларды өткөрүштү, өнүгүүнүн белгилүү деңгээлине жетишилди, тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ниеттенүүдө.

Кеченин конокторунун арасында Бельгиянын парламентинин депутаттары жана Тышкы иштер министрлигинин, Брюсселдеги дипломатиялык корпусунун, европалык институттардын жана эл аралык уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын, аналитикалык борборлордун өкүлдөрү, ошондой эле мекендештер жана Элчиликтин достору катышты.

Чакырылган дизайнер Толгонай Керимкулова - кыргыз көчмөндөрүнүн этникалык өзгөчөлүгүн чагылдырган кийимдерди жасоого багытталган өзгөчө стили менен таанымал «Байра» мода брендинин негиздөөчүсү. 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилине сунушталган "Шырдак" коллекциясы - оригиналдуу жана ошол эле учурда актуалдуу болуп, Миландагы “2022 мода жумалыгында” тартууланды. Этникалык кийимдер 90% колго жасалган, тыш кийимдер килем токуунун уникалдуу кыргыз көчмөндөрүнүн техникасын колдонуу менен жасалган.

Аялдардын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү: этникалык белдемчи менен чапандан башталып, заманбап жынсы кийимдерге чейин көрсөтүлдү. Баардыгы кыргыздын күүлөрү менен коштолуп, европалык коноктордун кызуу кол чабууларына ээ болду. Конокторду өзгөчө колго жасалган кийиз кийимдер жана абдан актуалдуу аксессуар – улуттук оюм-чийими бар маскаларга кызыктырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык потенциалы боюнча видеоматериалдар көрсөтүлүп, улуттук буюмдардын көргөзмө-жарманкеси жана улуттук тамак-аштардан фуршет уюштурулду.

Маданий дипломатия өлкөнүн улуттук мүнөз жана маданиятын гана көрсөтпөстөн, туризм жана инвестициялык потенциал жөнүндө сөз кылууга, регионалдык жана дүйнөлүк күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча өлкөнүн позициясын кеңири аудиториянын көңүлүнө жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK