Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Токойлор Форумунун 16-сессиясынын алкагында “Тоолуу токойлорду калыбына келтирүү: калыбына келтирүү жолу, чыдамдуу жана туруктуу тоолуу өлкөлөр жана жамааттар" аттуу онлайн иш-чара өткөрдү

Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү, тоолуу өлкөлөрдүн Достору тобунун атынан “Тоо токойлорун калыбына келтирүү: калыбына келтирүү жолу, чыдамдуу жана туруктуу тоолуу өлкөлөр жана жамааттар” деген темада виртуалдык иш-чара уюштурду. Бул иш-чара 26-апрелден 30-апрелге чейин созула турган БУУнун Токойлор Форумунун 16-сессиясынын биринчи кошумча иш-чарасы болуп саналат.

Иш-чараны БУУнун Башкы катчысынын саясатты координациялоо жана мекемелер аралык иштер боюнча жардамчысы, БУУнун башка түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, БУУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева белгилегендей, бул кошумча иш-чара тоолуу өлкөлөрдүн мүчө мамлекеттеринин жана башка тиешелүү кызыкдар тараптардын ортосунда тоо токойлорун коргоо жана аларды туруктуу пайдалануу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болот.

Мындан тышкары, Миргүл Молдоисаева Кыргызстандын аймактарынын 90% ашууну тоолор экендигин, ал эми өлкөнүн түштүк-чыгышында дүйнөдөгү эң ири реликт жаңгак токою болгон уникалдуу Арсланбоб токою бар экендигин белгилеп, Кыргызстандын Өкмөтү эл аралык донорлор менен биргеликте өлкөдөгү тоо жана токой биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо үчүн кабыл алынып жаткан чараларды маалымдады. Миргүл Молдоисаева ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган "Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" деген резолюциясы дүйнөдөгү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого өбөлгө болорун белгиледи.

Иш-чаранын алкагында панелдик талкуу уюштурулуп, анын жүрүшүндө эксперттер жана илимпоздор дүйнөдөгү тоолуу токойлорду калыбына келтирүү жана сактоо боюнча өз презентацияларын сунуш кылышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK