Кыргызстандын элчиси А.Исмаилова Түштүк Кореянын KBS (Korean Broadcasting System) коомдук телерадиокомпаниясынын, Сеул шаарынын мэриясынын жана «Евразиялык сереп» коомдук журналынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

2022-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын KBS (Korean Broadcasting System) коомдук телерадиокомпаниясынын, Сеул шаарынын мэриясынын жана «Евразиялык сереп» коомдук журналынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Маалымат катары: KBS (Korean Broadcasting System) - Түштүк Кореянын ири коомдук телерадиокомпанияларынын бири, штаб-квартирасы Сеул шаарында жайгашкан. Телеканалдарга жана радиостанцияларга эфирдик (санариптик жана аналогдук), кабелдик, спутниктик телекөрсөтүү аркылуу жетүүгө болот. KBSтин корей жана башка тилдерде өзүнүн веб-сайты бар www.kbs.co.kr (орус тилинде веб-сайт: http://world.kbs.co.kr/russian).

Жолугушуунун алгакында тараптар маданий алмашуу, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы инвестициялык жана туристтик потенциалын чагылдыруу сыяктуу тармактардагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн талкуулашты.

Элчи А.Исмаилова Кыргызстан Корея Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жетишилген макулдашуу келишимдерге, түзүлгөн достук мамилелерин жогору баланганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын инвестициялык, экспорттук жана туристтик потенциалдары бийик экенине көңүл бурду, жана Корея Республикасынын массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтуу зарыл экенине коңүл бурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Евразиялык сереп» журналынын төрагасы, профессор Чан Джин Ким Кыргызстандын элчилигинин сунушу боюнча, ошондой эле корей аудиториясынын Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга болгон кызыгуусу жогорулагандыгына байланыштуу Кореянын ишкерлеринен, маданий ишмерлерден, жазуучулардан жана журналисттерден турган корея делегациясынын ушул жылдын июль айында Кыргызстанга келиши пландалууда. Бул сапардын максаты Түштүк Кореянын көрөрмандарын жана активисттерин Кыргызстан менен тааныштыруу.

Элчи корей журналисттеринин жана жазуучуларынын иш сапары өлкөнүн туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө оң таасирин тийгизип, Түштүк Кореянын туристтерин Кыргызстанга тартууга көмөктөш болоруна ишеним билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанды Түштүк Кореяда таанытуу боюнча биргелешкен иштерди улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK