Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Чет өлкөдөгү немистер менен тилектештик Фондунун төрагасы Хартмут Кошик менен жолугушту

2023-жылдын 30-майында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Чет өлкөдөгү немистер менен тилектештик Фондунун төрагасы Хартмут Кошик менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи Ө.Ч.Текебаев Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу элин сактап калуу жана бекемдөө боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Ал Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон жана кошуп келе жаткан биздин өлкөдө жашаган этникалык немистер Кыргызстандын көп улуттуу элинин ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи. Тараптар Кыргызстандагы этникалык немистерди колдоо маселелерин талкуулашты.

Хартмут Кошик Чет өлкөдөгү немистер менен тилектештик Фондунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Германияда кесиптик билим алуу үчүн немец тилин окутуу боюнча Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн: Чет өлкөдөгү немистер менен тилектештик фонду Чыгыш, Борбордук жана Түштүк Европадагы, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда, Батыш Европада, Түндүк Америка континентинде, Борбордук жана Түштүк Америкада, ошондой эле Австралияда немистерди колдоо максатында түзүлгөн. Чет өлкөдөгү немистер менен тилектештик фондунун максаттары болуп, немец тилин, чет өлкөлөрдөгү немистердин маданиятын жана үрп-адаттарын жайылтуу жана сактоо, жаштарды, студенттерди жана студенттерди алмашуу ж.б.у.с. эсептелет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK