Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Франкфурт-на-Майне шаарында «IWEX Germany GmbH» компаниясынын ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Франкфурт-на-Майне шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы «Kyrgyz InterWorkExchange» ɵкүлчүлүгү катары расмий катталган жана ачылган «IWEX Germany GmbH» компаниясынын ачылыш аземине катышты.

Элчи Ө.Текебаев ɵзүнүн куттуктоо сɵзүндɵ «IWEX Germany GmbH» ишине ийгиликтерди каалап, анын жетекчилерин өз ишмердүүлүгү менен кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

Компаниянын ачылыш аземине Франкфурт-на-Майне шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын ɵкүлдɵрү да катышты.

Белгилей кетсек, «IWEX Germany GmbH» компаниясы Кыргызстандан Германияга квалификациялуу адистерди жөнөтүүгө көмөк көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын студенттери үчүн Германиянын ишканаларында практика өтүүнү, ошондой эле Германияда жайкы сезондук иштерди уюштурат.

Германияда кыргызстандык компаниянын өкүлчүлүгүнүн ачылышы менен Германияга окууга жана иштөөгө келген Кыргыз Республикасынын жарандарына маалыматтык жардам көрсөтүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK