Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев германиялык ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү

2023-жылдын 12-июнунда Гамбург шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев германиялык ишкерлер, тактап айтканда, Кыргызстандын Гамбург шаарындагы Ардактуу консулу Карл Элердинг, Кыргызстандын Шлезвиг-Гольштейн федералдык жериндеги Ардактуу консулу Кристоф Крошке, «ЛУНО Групп» компаниясынын негиздөөчүсү, Гамбург шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Чыгыш Европа комитетинин төрагасы Мирко Новак, ошондой эле «Шнайдер Групп» консалтинг компаниясынын негиздөөчүсү жана директору Ульф Шнайдер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылдын ноябрь айында Гамбург шаарында Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин экинчи отурумун жана кыргыз-герман бизнес-форумун өткөрүү макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK