Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Түндүк Рейн-Вестфалиянын Детмольд шаарындагы орус-германия маданиятынын тарыхы музейине барды

2023-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Түндүк Рейн-Вестфалиянын Детмольд шаарындагы орус-германия маданиятынын тарыхы музейине барды, анда немис тектүү Кыргызстандын белгилүү скульптору Якоб Ведельдин экспонаттары коюлган.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Я.Ведельдин уулу – Анатолий Ведель жана музейдин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Элчи А.Веделге атасы Я.Веделдин беш экспонатын Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине белекке бергени үчүн ыраазычылык билдирип, бул Музейдин жетекчилигинин атынан берилген тиешелүү сертификатты жана ыраазычылык катты тапшырды.

А.Ведель Элчиге жана Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин музейинин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору анын атасы Я.Веделдин чыгармачылыгы менен тааныша ала турганына ɵз канааттануусун билдирди.

Маалымат үчүн: Якоб Ведель (1931-2014) – мурда Кыргызстанда жашаган немис тектүү белгилүү скульптор. 2023-жылдын 31-мартында Бишкек шаарында Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин музейине скульптор Якоб Веделдин беш скульптурасын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул белек атасынын керээзи боюнча азыр Германиянын Детмольд шаарында жашаган уулу Анатолий Веделдин жардам менен мүмкүн болду.

Детмольд шаарындагы орус-германия маданиятынын тарыхы музейи Германиядагы мурдагы СССР өлкөлөрүнөн келген немистердин тарыхын чагылдырган жалгыз музей болуп саналат. Якоб Ведель бул музейди уюштуруучулардын бири болуп саналат жана музейде анын жыгачтан, гипстен жана колодон жасалган экспонаттары сакталган. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK