Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Омурбек Текебаев Берлин шаарынын Депутаттар палатасынын депутаты Мануэла Шмидт менен жолугушту

2023-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Омурбек Текебаев Берлин шаарынын Депутаттар палатасынын депутаты Мануэла Шмидт менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын билим берүү, илим, маданият тармагындагы кызматташуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда интеграцияланышы жана аларды ишке орноштуруу маселелери талкууланды.

Элчи О.Текебаев Берлин шаарынын Депутаттар палатасынын депутатына билим берүү жана илим жаатындагы ийгиликтүү кыргыз-герман кызматташтыгы жана Элчиликтин Германиядагы кыргыз диаспорасы менен жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди. Элчи Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн мындан ары интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул маселе боюнча германиялык тараптан колдоо көрсөтүү боюнча кызматташууга ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, М.Шмидт жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, миграция, билим берүү жана маданият маселелери Берлин шаарынын депутаттар палатасынын депутаты катары анын ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, бул багытта Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле эки ɵлкɵнʏн шаардык кеңештерининин жана парламенттеринин депутат айымдарынын ортосунда өз ара тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK