Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Омурбек Текебаев Бундестагдын Социал-демократиялык партиясынан депутаты, Бундестагдын Коргоо комитетинин мүчөсү Джо Вайнгартен менен жолугушту
2023-жылдын 26-январында Берлин шаарында Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Омурбек Текебаев Бундестагдын Социал-демократиялык партиясынан депутаты, Бундестагдын Коргоо комитетинин мүчөсү Джо Вайнгартен мырза менен жолугушту. Жолугушууда учурдагы эл аралык кырдаал жана Кыргызстан менен Германиянын парламенттер аралык байланыштарын 2023-жылы өнүктүрүүнүн айрым маселелери боюнча пикир алышышты.
Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.