Кыргызстандын Катардагы Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катардын Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри, доктор шейх Фалех бин Ахмед Аль Тани менен жолугушту
2021-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетининин Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри, доктор шейх Фалех бин Ахмед Аль Тани менен жолугушуу өткөрдү.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери менен күрөшүү боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо макулдашылды.