Кыргызстандын Катардагы Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катардын Мамлекеттик Ички иштер министри Шейх Абдулазиз бин Фейсал бин Мохаммед Аль Тани менен жолугушту

2023-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катардын Мамлекеттик Ички иштер министри Шейх Абдулазиз бин Фейсал бин Мохаммед Аль Тани менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери, тактап айтканда Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган келишимдер боюнча биргелешкен ишти баштоо жана жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында жогоруда талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жана кол коюлган макулдашууларды ишке ашыруу боюнча түрдүү чараларды биргелешип иштеп чыгуу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK