Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Астана шаарынын акими Касымбек Жеңиш Махмудулы менен жолугушту

2023-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Астана шаарынын акими Касымбек Жеңиш Махмудулы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Астанада «Манас» эпосунун баатырына жана Кыргызстандын эл жазуучусу Ч.Айтматовдун эстеликтерин орнотуу, Казакстандын борбор калаасынын көчөлөрүнүн бирине кыргыз мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жаңы имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселелерди карады.

Казак тарап «Манастын» жана Ч.Айтматовдун эстеликтерин орнотууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле Астананын көчөлөрүнүн бирине Ж.Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу жана 2023-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жаңы имаратын куруу үчүн Астана шаарынан жер тилкесин бөлүп берүү маселесин кароого даяр экендигине ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бир тууган мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK