Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Египеттин Кыргызстандагы Элчиси Манал Эльсайед Ехия Эльшиннави менен жолугушту

Ушул жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Египет Араб Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Манал Эльсайед Ехия Эльшиннави менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-египет кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле эки өлкөнүн, БУУ, ИКУ жана ШКУ эл аралык уюмдарыдын алкагында өз аракетенүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-египет мамилелерин эң жогорку жана жогорку деӊгээлде саясий байланыштарды түзүү, ошондой эле эки тараптуу келишимдик базаны кеӊейтүү жолдору менен тереӊдетүүгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK