Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан Ресубликасынын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова менен жолугушту

Ушул жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан Ресубликасынын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова менен жолугушту.

Жолугуушууда тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүнүн мындан аркы мүмкүнчүлүктөрүн, тактап айтканда, маданият жана искусство, кинематография, архивдик иш, жаштар алмашуу, спорт жана туризм, ошондой эле бул чөйрөдөгү эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги келишимдерди жүзөгө ашырууну талкуулашты.

Элчи Д.Дюшекеев спорт тармагында бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы үчүн Казакстанда жана греко-роман жана эркин күрөш боюнча Казакстандын курама командасы үчүн Кыргызстанда биргелешкен жыйымдарды, жана дагы башка спорт түрлөрү боюнча бардык спортчулары үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде сбор уюштурууну сунуш кылды.

Жолугушуунун аягында тараптар эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгынын күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK